Кытай АКШ баштаган бажы төлөмдөрү боюнча согуштан коркпойт. Бул туурасында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, басма сөз жыйынында ал Вашингтон Пекинге каршы соода багытында согуш ачууга ниеттенсе, Кытай акырына чейин күрөшө турганын эскерткен.
Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Анда ал АКШ Евробиримдиктен – 20 пайыз, Кытайдан – 34, Улуу Британиядан – 10, Вьетнамдан – 46 жана Индиядан – 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтерди киргизип жатканын көрсөткөн болчу.
Буга жооп катары Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз, андан соң 84 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Ал эми АКШ болсо бүгүн эле 104 пайыздан 125 пайызга жогорулаткан болчу.