Ошто УКМКнын жалган кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жарандарды алдап жүргөн деген шек менен Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын үстүнөн арыз менен Ноокат районунун 39 жана 61 жаштагы тургундары кайрылган. Алар шектүү мамлекеттик ипотека аркылуу Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн кезексиз жана ылдам үй алып берүүнү убадалап, акчаларын алган соң из жашырып кеткенин айтышкан.

Ал жабырлануучуларга шаардын Ленин көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан үйдөн батир алып бермек болгон. Натыйжада ага 39 жаштагы жаран 785 миң 500 сом, 61 жаштагы жаран 477 миң 200 сом берген. Укук коргоо кызматкерлери шектүүнү кармаган соң, ал эч качан УКМКда иштебегенин, жалган сөздөрү ынанымдуу болушу үчүн айтканын моюндаган.

Шаардык милиция ал мурда алдамчылык менен бир нече ирет соттолгону аныкталганын белгилеп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан