УКМК дагы эки мамлекеттик кызматкерди коррупцияга шектеп кармады

Коррупциялык кылмыштар үчүн Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы жана Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, облустук сотту жаңы имаратка көчүрүү, эмеректерди демонтаждоо жана кураштыруу чыгымдарга байланыштуу расмий тендерлерди өткөрүү фактылары аныкталган.

Ошол эле учурда бул максатка багытталган акчалар аффиляцияланган фирмаларга которулуп, андан ары накталай акчага айландырылып, Жалал-Абад облусунун Сот департаментинин башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. аттуу жаранга берилгени аныкталган.

"Ошондой эле 2025-жылдын февралында Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Ж.З.С. тарабынан Сот департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө табылган мыйзам бузууларды жашыргандыгы үчүн ал Сот департаментинин жетекчисинен акча каражатын алгандыгы аныкталды.

Өз кезегинде башкармалыктын жетекчиси кол алдындагылардан акчалай каражаттарды бонустук төлөмдөрдү формалдуу эсептөө аркылуу чогулткан. Жеке аудиторлорду тартуу менен жүргүзүлгөн кошумча текшерүүдө Сот департаментинин кызматкерлери тарабынан 7 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. жана Эсептөө палатасынын инспектору Ж.З.С. кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан