Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун мурдагы машыктыруучусу Лео Бенхаккер 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу мадриддик клуб расмий сайтына жарыялады.
"Реал Мадрид" футбол клубу, анын президенти жана директорлор кеңеши биздин команданы 1986-1989 жана 1992-жылдары жетектеген "Реал Мадриддин" көрүнүктүү машыктыруучусу Лео Бенхаккердин каза болгондугун терең кайгыруу менен билдирет. "Реал Мадрид" анын үй-бүлөсүнө жана бардык жакындарына көңүл айтат", - деп жазылды анда.
Голландиялык адис "Реал Мадриддин" тарыхындагы эң мыкты машыктыруучулардын бири деп эсептелет.
Лео Бенхаккердин тушунда "Реал Мадрид" үч жолу Ла Лиганы (1987, 1988, 1989) жеңип алган жана бирден жолу Испаниянын Кубогун (1989), Испаниянын Суперкубогун (1988) жеңген.
Ал ошондой эле Тринидад жана Тобагонун (2006-жылы биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган), Польшанын (2008-жылы биринчи жолу Еврого жолдомо алган), Голландия менен Сауд Арабиянын курама командаларын башкарган.