АКШ Орусияны Украина үчүн согушкан 73 жаштагы америкалыкты бошотууга чакырды

АКШ Орусияны Украинанын куралдуу күчтөрүнө кошулуп согушка катышканы үчүн жалданмачылык менен соттолгон 73 жаштагы америкалык Стивен Жеймс Хаббардды бошотууга чакырды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс брифингде билдирди.

"Биз Орусияны үч жыл мурун кармалган Стивен Хаббардды бошотууга чакырабыз. Биз Хаббард мырзаны жана башка бардык негизсиз камалган америкалыктарды бошотууну улантабыз", - деген Брюс.

73 жаштагы Жеймс Хаббард былтыр октябрда Москва шаардык соту тарабынан 6 жыл 10 айга эркинен ажыратылган. Ал 2022-жылдын апрель айында камакка алынган. Мичиган штатынын тургуну Харьков облусундагы Изюм шаарынын аймактык коргонуу батальону менен келишим түзгөн. Ал бул аймакка 2014-жылы жарандык аялы менен көчүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан