Министрлер кабинети Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобону бекитти

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Бул жобо борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

Белгилей кетсек, Травматология жана ортопедия улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен чоңдор жана балдар травматологиясы, ортопедия, вертебрология, сөөк-ириңдүү, артроскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илимий-изилдөө уюму болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан