Бишкекте Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү “111” бары алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен борбор калаадагы дарыялардын нугун жана каналдарды тазалоо, мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо менен бирге масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
"Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү 10-кичи райондо жайгашкан “111” барын бузуу иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти мэриядан.