Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери бар экени белгилүү болду

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери, блокадачылар жана концлагерлердин туткундары калган. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу жана майыптары бар. Алар:
Жайыл районунда 3 ардагер;
Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 3;
Бишкек шаарынын Октябрь районунда 3;
Аламүдүн районунда 1;
Ат-Башы районунда 1;
Сузак районунда 1;
Базар-Коргон районунда 1;
Ноокен району 1;
Ошондой эле республикада 7 концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары жашайт: 5 адам – Бишкек шаарында, Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында бирден.
Мындан тышкары 11 Ленинград блокадачылары калды: борбордо 9 адам, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында бирден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан