Кыргызстан коңшу өлкөлөр Тажикстан жана Өзбекстан менен чогуу 2031-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогун кабыл алууга арыз берди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол биримдиги 2031-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогун Тажикстан жана Өзбекстан менен чогуу кабыл алуу үчүн АФКга кат жолдогон. Өтүнмө эми каралат.
АФК 2031-жылы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүн өткөрүүгө жети өлкөдөн расмий өтүнмө алынганын баса белгиледи.
Турнирди өткөрүүгө кызыкдар болгон төмөнкү футбол ассоциациялары өтүнмө тапшырды: - Австралиянын футбол федерациясы;
- Индиянын футбол федерациясы;
- Индонезиянын футбол ассоциациясы;
- Корея Республикасынын футбол ассоциациясы;
- Кувейттин футбол ассоциациясы;
Бириккен Араб Эмираттарынын футбол ассоциациясы;
- Биргелешкен өтүнмө: Кыргыз футбол биримдиги, Тажикстандын футбол федерациясы жана Өзбекстандын футбол ассоциациясы.