Ошто жубайлар арыз жазгандан кийин 26 жаштагы жигит кармалды (видео)

Ош шаарында алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, анын үстүнөн жубайлар арыз менен кайрылышкан. Алар шектүү Lexus 350 үлгүсүндөгү унаасын 40 миң долларга баалап, анын 8300 долларын берип, калганын бербестен изин жашырып кеткендигин айтышкан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал унааны башка бирөөнө сатып, акчасын иштетип жиберген. Ош шаардык милициясы 26 жаштагы жигит мурда бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады.

11.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан