Президенттин төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү (фото)

Коопсуздук кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирет.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун, ошондой эле өкмөттүн 2014-жылдын 17-февралындагы №99 токтому менен бекитилген Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштарды киргизүү жөнүндө айрым маселелер каралды.

Мамлекет башчысы айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин улуттук коопсуздуктун кээ бир маселелери боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруусу боюнча маалыматтарын укту.

Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар жетекчилерге иштерин активдештирүүгө жана улуттук коопсуздук үчүн тобокелдиктерди жана коркунучтарды жоюу боюнча өз учурундагы чараларды көрүүгө тиешелүү тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан