Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлерди ээлерине тапшырды.
Анда президент он миңдеген үй-бүлөнүн "үйлүү болсом" деген кыялы орундаларын айтты.
"Бүгүн мамлекеттик турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыгы, аталган программанын кезектеги натыйжасы катары Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү 612 батирлүү заманбап үйдү жарандарыбызга тапшыруу алдында турабыз.
Алгач сөзүмдүн башында “өзүбүздүн башпаанегибиз болсо” деп канча убакыттан бери эңсеп, мамлекетке үмүт артып, сабырдуулук менен кезегин күтүп, “мына эми куттуу коломтобуздун ачкычын алабыз” деп кубанычтары коюнуна батпай турган жарандарыбызды чын дилимден бүгүнкү майрамдык маанайыңар менен куттуктап өтөйүн.
Алган үйүңүздөр ак жолтой болсун, ушул жерден агарып-көгөрүп, бала-чакалуу болгула, көптөгөн ийгиликтерге жетишкиле!
Урматтуу мекендештер! Кудай буюрса, эл арасында биримдик, өлкөбүздө тынчтык болуп турса, социалдык долбоор катары саналган бул программабызды мындан ары да улантабыз.
Он миңдеген жарандарыбыз илгери үмүт менен кезекке туруп, үйлүү-жайлуу болсом деп зарыгып күтүп келишет. Алардын үмүт-тилектерин аткарганга мамлекетибиздин күчү жетет.
Буюрса, 4, 5 күндө борборубуздун Маликов көчөсүндөгү 600гө жакын батирди жана жакынкы араларда Жалал-Абад шаарында салынган 1,5 миң бартирлерди кезекте турган жарандарыбызга тапшырып келем. Алардын да кубанычтарына ортоктош болобуз.
Мен турак жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам!
Бара-бара андай жарандарыбыздын баарын үй менен камсыз кылууга жетишебиз", - деди Садыр Жапаров.