Бишкекте 872,8 чарчы метрлик 0,32 гектар жер тилкесиндеги №93 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын имараты 1995-жылы Тышкы иштер министрлигинин карамагына чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жайгаштыруу үчүн берилген. Бирок 1999-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун макулдугу менен дипломатиялык статусу жок чет өлкөлүк уюмга сатылып кеткен.
Атайын кызмат Бишкек шаардык соту мүлктү сатып алуу жана сатуу келишимин жараксыз деп таап, анын натыйжасында мекеме мамлекеттин менчигине кайтарылганын белгиледи.