УКМК баңгизаттан күнүнө 40-50 миң доллар киреше тапкан топтун ишин токтотту (видео)

Эл аралык баңгизат кылмыштуу тобуна тиешеси бар Woody Exchange крипто алмаштыргычынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айында орус улутундагы Өзбекстандын 25 жаштагы жараны Бишкекке келген. Ал Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда онлайн дары-дармек дүкөндөрүн иштеткен Принцесса Дури тармагынын жана жаңы түзүлгөн Woody Exchange крипто алмаштыргычынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен синтетикалык баңги каражаттарын сатууну ишке ашырган. Өзбекстандык түшкөн каражаттарды накталай акчага айлантуу жана баңгизаттарды сактоочу жайларга жөнөтүү ишетрин колго алган.

Атайын кызмат аталган фактыны аныктоо үчүн атайын Принцесса Дури дарыканасы аркылуу Woody Exchange крипто алмаштыргычынан баңгизат сатып алган. УКМК факты тастыкталган соң аны кармап, жашаган жерин тинтүүгө алган. Натыйжада дарыканалардын каржылык операцияларында колдонулган 100гө жакын банк карталары, 18 телефон жана ноутбуктар табылган.

"Синтетикалык баңгизаттарды сатуудан банктык карталарга күн сайын акча каражаттарынын түшүүсү болжол менен 40-50 миң долларды түзгөн. Алар криптовалютага алмаштырылып, кураторлордун эсептерине которулган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын, ошондой эле каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун башка каналдарын аныктоо иштери уланууда.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан