Туугандарын атып салмак экен... Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылган делип 58 жаштагы жаран кармалды (видео)

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган делип 58 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде милицияга С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Кашка-Суу айылындагы үйүндө С.Б. аттуу тууганы курал менен коркутуп, денесине залал келтиргенин айткан. Шектүүнүн үстүнөн ушундай эле арыз менен дагы бир Ж.М. аттуу тууганы арыз жазган.

Факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Тергөөдө шектүү менен жабырлануучулардын ортосунда чыр чыгып, 58 жаштагы жаран эки тууганына мылтык такап, атууга аракет кылган. Бирок анын колундагы куралды ошол жердеги У. аттуу жаран алып, атууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Шектүү мындан улам аларды таш менен сабаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерден 16-калибрдеги аңчылык мылтыгы, ок-дары жана таш табылган.

Облустук милиция шектүү мурда бир нече жолу соттолгонун, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо экенин белгилеп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

11.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан