Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-мартта милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал эки адам 2024-жылдын июль айында Маевка айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин трансформация кылууга жардам беребиз деген убадасы менен 90 миң долларын алып, ошол бойдон из жашырып кетишкенин айткан. Шектүүлөр аны чоң кызматта иштеген тааныштары бар экенин айтышып ишендиришкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары кармалган 40 жана 42 жаштагы жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда алардын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.
#биринчимайрииб