АКШда Трамп менен Маскты өлүм менен коркуткан 32 жаштагы адам кармалды

АКШнын президенти Дональд Трампты жана башка жогорку даражалуу аткаминерлерди өлүм менен коркуткан Пенсильвания штатынын жараны камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Юстиция министрлигине таянып жазышты.

Маалыматтарга караганда, Федералдык иликтөө бюросу интернетте Трампты, ишкер Илон Маскты жана президент тарабынан дайындалган жетекчилерди "өлтүрө баштоо" керек деген маалыматтар тарап жатканын аныктаган. Тергөөнүн жүрүшүндө аларды 32 жаштагы Шон Мопер жарыялап жатканы аныкталган. Ошондой эле ал ок атуучу куралды Трамптын инаугурациясынан кийин сатып алганы белгилүү болгон.

Юстиция министрлиги ал 9-апрелде кармалганын, төрт берене боюнча айыпталып жатканын тактаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан