Жолтандабастын ээси интернетке тараган видеодон кийин айып пул төлөдү (видео)

Унаасын каршы тилке менен айдаган айдоочуга 15 миң айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгы билдирди.

Маалымдагандай, жол эрежесин бузган Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын видеосу социалдык тармактарда тарагандан кийин жол тескөөчүлөр ыкчам түрдө аталган унааны табышкан. МАИ кызматкерлери айдоочуга 15 миң сом айып салуу менен бирге ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

ЖКККББ ушундай терс көрүнүштөрдөн улам жол эрежелерин билбеген айдоочуларды кайрадан экзаменге жөнөтүү талабы иштелип жатканын белгиледи.

Эске салсак, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жаңы тартиптер кирерин билдирген. Анда токтотулган унаанын айдоочусунан жол эрежелери суралары, ал билбей калса ошол замат анын айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү айтылган.

12.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан