2013-жылы дүйнөдө 316 миллионго жакын компьютер сатылган. “Бул рыноктун
тарыхындагы эң ири төмөндөө” деп бүгүн, 10-январда "Gartner" аталышындагы
аналитикалык компания өз изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү.
Маалыматка таянсак, былтыр компьютерлерди
өндүрүүчү фирмалардын ичинен бир эле "Lenovo" компаниясынын сатуу көрсөткүчүнүн өсүшү байкалган (+2,1%). Калган компаниялардын көрсөткүчтөрү минус белгиге дуушар болушкан. Маселен, "НР" компаниясы -9,3 пайызга төмөндөдү, "Acer" компаниясы -28,1 пайызга төмөндөгөн. Мунун себебин эксперттер элдин планшеттерге болгон кызыгуусунун өскөндүгү менен түшүндүрүшкөн.