Ысык-Көлдө катуу шамал үйдүн чатырын учуруп, тосмо дубалды кулатканы айтылууда (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 12-апрелге карган түнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында катуу шамал катталганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

ӨКМ берилген маалыматта шамалдын кесепетинен турак үйдүн чатыры учуп, тосмо дубал кулап калганы айтылганын белгиледи.

"Министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө социалдык мекмелерден, жарандардан кабар алууга жана тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик такталган соң так маалымат берилерин кошумчалады.

12.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан