Изделип жаткан адамды өлтүргөн... Бишкекте шектүү милиция кызматкерине пара берип жатканда кармалды (видео)

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип жаткан адам милиция кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-мартта милицияга аял киши арыз менен кайрылып, 60 жаштагы мурдагы жолдошу дайынсыз болуп жатканын айткан. Факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөөдө 60 жаштагы жарандын жоголушуна тиешеси бар делип суралып жаткан адам күбө статусун өзгөртүү үчүн милиция кызматкерине 4 миң доллар пара сунуштаган. Бул райондук милициянын жетекчилигине кабарланып, 40 жаштагы жаран 325 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Андан ары тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү дайынсыз болуп жаткан жаранды өлтүргөнүн мойнуна алып, анын сөөгүн үйүнүн короосуна көмүп койгонун айтып, ал жерди көрсөтүп берген.

Бул факты менен Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Учурда кылмыштын чыныгы жагдайлары аныкталып жатат. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

12.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан