Орусияда 9 жашар кыргызстандык бычакталып каза болду

Москва облусунда кыргызстандык 9 жашар жаш өспүрүм бычакталып каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматтарга караганда, окуя 9-апрелде болгон. Аны 14 жаштагы өспүрүм бычактап салган. 9 жашар бала Тез жардам унаасында каза тапкан. Ал эми бычактаган бала өзүнө да кол салууга аракет кылып, бирок анын аракети өз убагында токтотулуп, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Орусиянын Башкы төргөө башкармалыгы шектүү кармалып, күнөөсүн мойнуна алганын билдирген. Ал тергөөдө баланы башка улуттан болгондуктан бычактаганын айткан. Мындан улам "Улуттар аралык кастыктан улам өспүрүмдү өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан