Түндө Бишкектеги курулуш базарында ири өрт чыкты (видео)

Бүгүн, 14-апрелге караган түнү Бишкектеги "Көк-Сай" курулуш базарында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-апрель саат 00:00дө Эски толчоктогу "Көк-Сай" курулуш базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Бишкек мэриясынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Өрт саат 01:33тө чектөөгө алынган.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзгөн.

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ иш алып барууда.

Бишкектеги курулуш базарда ири өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан