Коңшу Тажикстандын чыгышында болгон жер титирөө 3 жашар баланын өмүрүн алып, 30 үйдү, анын ичинде мектепти талкалады. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору билдирди.
"Тажикстандын чыгышындагы Рашт аймагында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 3 жашар бала үйдүн дубалынын астында калып каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 13-апрелде Тажикстандын чыгышында үч жер титирөө болду. Тажик сейсмологдорунун айтымында, биринчиси, жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:24тө 5 балл, экинчиси, 12:14тө 4 балл, үчүнчүсү, 13:33тө 3 балл болгон.
Бардык жер титирөөлөр Тажикстандын борборунан 158-163 чакырым аралыкта катталган.
Жер титирөөнүн кесепетинен жалпысынан 29 үй жана бир мектеп талкаланган. Жер титирөө болгон аймакта Өзгөчө кырдаалдар комитетинен түзүлгөн комиссия иш алып барып, келтирилген чыгымды тактоодо.