Өзбекстандын Андижан шаарынын тургуну пневматикалык мылтык менен жол эрежесин бузгандарды тарткан 50дөн ашык камераны талкалады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Маалыматка ылайык, 49 жаштагы жаран шаардын 29 кесилишинде орнотулган 51 камерага жана бир Hikvision радар системасына атайылап ок чыгарган. Анын эмне себептен мындай ишке барганы такталууда.
Полиция кылмышка шектүүнү кармаган. Ага карата "Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Эми ал 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Анын аракеттеринен келтирилген зыян болжол менен 90 миң долларга бааланат.