Европа лидерлери жана АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогг Орусиянын Украинанын Сумы шаарына жасаган аба соккусун кескин айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинада ок атышпоо зарылдыгын билдирип, каза болгондорго көңүл айтты. Ал белгилегендей, Париж бул максатка жетүү үчүн өнөктөштөрү менен бирге талыкпай иштеп жатат.
"Бардыгы билет, бул согушту Орусия баштаган. Ал эми бүгүн жалгыз Орусия гана адам өмүрүн, эл аралык укукту жана президент Трамптын дипломатиялык аракеттерин ачыктан-ачык этибарга албоо менен согушту улантып жатат", - деп жазды Макрон социалдык түйүндөрдө.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Москвадан Украинадагы жаңжалды токтоосуз токтотууну талап кылды.
Саясатчы Сумыга жасалган кол салууга кыжырданганын айтты.
"Менин оюм курман болгондор жана алардын жакындары менен ушул каргашалуу учурда. Президент Зеленский тынчтыкка болгон умтулуусун көрсөттү. Путин азыр эч кандай шартсыз ок атышууну толук жана токтоосуз токтотууга макул болушу керек", - деп жазган британ премьери X социалдык тармагына.
Ал эми Кит Келлогг Орусиянын Сумыдагы жарандык буталарга кол салышы чектен ашканын жана дал ушул себептен Дональд Трамп согушту токтоткусу келгенин айтты.
Украинада ок атышпоого тез арада жетишүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгын Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас, Еврокеңештин төрагасы Антонио Кошта, Литванын президенти Гитанас Науседа жана башка европалык лидерлер да билдиришти.
Кечээ, 13-апрель күнү эртең менен орус аскерлери Сумы шаарына эки баллистикалык ракета учурган. Кийинчерээк Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгы сөз Искандер-М/КН-23 тибиндеги эки баллистикалык ракета тууралуу болгонун тактады. Сокку шаардын борборуна жасалып, ракеталардын бири кулаган учур видеого түшүп калган.
Соңку маалыматтар боюнча, соккудан каза болгондордун саны 32ге жетти, анын ичинде эки бала бар. Жабыркагандардын саны 99га жетти, алардын 11и балдар.