Саймалуу-Таш паркында жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад облусундагы Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында суу жеткирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймакка 100 даана Тянь-Шань карагайы тигилет.
"Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында Кытайдын China Road компаниясынын каржылык колдоосу менен Көк-Арт аймагына 4200 метр алыстыктан суу жеткирүү иштери жүргүзүлдү. Бул долбоордун жалпы наркы 108 480 сомду түзүп, анын 90 000 сому аталган компания тарабынан каржыланды", - деп жазылат анда.
Ошондой эле НАБУ коомдук бирикмеси тарабынан кошумча каржылык жардам көрсөтүлүп, аймакка 3 даана этно-навестер орнотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан