Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трампты Украинага чакырды. Бул тууралуу AFP агенттиги маалымдады.
"Суранам, кандайдыр бир чечим кабыл алардан же сүйлөшүү жүргүзүүдөн мурун келип, бул жердеги адамдарды – жарандарды, аскерлерди, оорукана, чиркөөлөрдү, балдарды өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз", - деген Зеленский.
Ал кошумчалагандай, эгер Трамп Украинага келсе, анда ал Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө эмне кылганын түшүнөт.
Белгилей кетсек, апрель айынын башында Дональд Трамп Путин менен Зеленскийдин ортосунда жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө даярдык бар экенин айткан.
Анын айтымында, тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча талкуулардын жүрүшүндө оң динамика байкалууда.
Буга чейин Жогорку Радада айрым депутаттар Трамптын Зеленский менен кен байлыктар боюнча келишиминде "алдоо ниети" бар деп айыпташкан.