Яндекс Go эми Кант шаарында тамак-аш жеткирүү кызматын сунуштай баштады

Яндекс Goнун ресторандардан Тамак-аш жеткирүу кызматына KFC жана “Казан Шаверма” кошулду.

Эми Кант шаарында Яндекс Go тиркемеси аркылуу үйүңүзгө же кеңсеңизге чейин ресторандардан даяр тамактарды буйрутма кылып, жеткирип алсаңыз болот. Бул кызматка: KFC, “Казан Шаверма”, Appetit, Origami Sushi, Fly Burger жана башка өнөктөштөр кошулган. Жеткирүүнүн орточо убактысы болжол менен 30 мүнөттү түзөт.

Кызматтын алгоритмдери ресторандардын жайгашкан жерин талдап, курьерлер үчүн оптималдуу маршруттарды түзгөндүктөн, күтүү убактысын азайтууга жардам берет. Түздөн-түз колдонмо аркылуу буйрутманын абалын көзөмөлдөөгө – анын учурдагы аткаруу этабын жана реалдуу убакытта курьер жүргөн жерди көрүүгө болот.

Кызматтын Кант шаарында ишке киргизилгендигине байланыштуу жаңы колдонуучуларга биринчи буйрутма бергендиги үчүн EDANEW промо-коду аркылуу 750 сомдон жогору буйрутма кылууда 450 сом арзандатуу берилет.

Төлөм тиркемедеги аккаунтка байланган банк картасын колдонуу менен ишке ашырылат. Сиз буйрутманы Яндекс Go тиркемесинин Тамак-аш бөлүмүнөн бере аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан