Атактуу орусиялык балбан 6 жылга спорттон четтетилди

Орусия курама командасынын курамында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Хетик Цаболов допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн 6 жылга дисквалификацияланды. Мындай маалымат Эл аралык допинг тестирлөө агенттигинин (ITA) расмий сайтында жарыяланды.

Цаболовду мелдештен четтетүү былтыр 28-июнда башталган жана 2030-жылдын 27-июнуна чейин созулат. Балбан 2.3 (Допинг үлгүсүн алуудан качуу, баш тартуу же келбей коюу) жана 2.5 (Фальсификация) беренелери боюнча дисквалификацияланган.

Хетик Цаболов 2021-жылы спорттук жарандыгын алмаштырып, Сербиянын атынан мелдештерге катышып келген. Ал 2024-жылы спорттон убактылуу четтетилген, бирок июнда Париждеги Олимпиадага катышууга уруксат алган.

33 жаштагы Хетик Цаболов 2014-жылы Орусия курамасынын курамында 70 килограмм салмакта Дүйнө чемпиону болгон. 2017-жылы 74 килограмм салмак категориясында Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жана 2023-жылкы Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан