Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы эки күнгө өчөт

Бишкектин бир катар аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрелден 18-апрелге чейин орто басымдагы жер алдындагы газ түтүкчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газынын берилиши токтотулат.

Газ өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Лермонтов көчөсү,
  • Биринчи Май көчөсү,
  • ЧЧК аймагы,
  • “Бакай-Ата” конушу.

“Бишкек газ” газ кызматы тургундардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ушул күндөрү альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.

Компания белгилегендей, оңдоо иштери шаардыктарды коопсуз жана ишенимдүү газ менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. "Биз жаратылыш газын колдонуу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан