Министрлик Түштүк Кореяга визасыз режимди киргизүүгө эмне тоскоол болуп жатканын айтты

Түштүк Корея менен визалык режимди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев парламенттин социалдык комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев ТИМ өкүлүнөн визалык тоскоолдуктарды жоюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады.

Алмаз Имангазиевдин айтымында, Тышкы иштер министрлиги бул маселени туруктуу түрдө көтөрүп келет.

"Түштүк Кореяда 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын арасында мыйзамды бузуп, виза мөөнөтү бүткөн соң өлкөдө калып калгандар бар. Дал ушул жагдай Түштүк Корея тараптан негизги доомат болуп келет. Бул виза режимин жеңилдетүүгө тоскоол болууда", - деди ал.

Министрдин орун басары келечекте визасыз режим мүмкүн экенин, бирок ага чейин чоң даярдык керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде депутат Сыдыгалиев, казакстандыктар менен өзбекстандыктар Түштүк Кореяга визасыз бара аларын эске салды.

"Ар бир мамлекеттин Түштүк Корея менен өз деңгээлиндеги мамилеси бар", - деп белгиледи Имангазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан