Эртең, 15-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.