Жогорку Кеңештин комитети окуу учурунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну экинчи окууда колдоду

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору тууралуу экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Марлен Маматалиев, Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Жанарбек Акаев, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Мурадил Сыдыков, Айбек Маткеримов, Эмил Токтошев, Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева.

Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Нурланбек Азыгалиев тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн тенденция, академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо, ошонун ɵзү менен билим алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат:

  • окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу;
  • коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү;
  • санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу;
  • жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.

Муну менен катар Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова тармактык министрлик сунушталган мыйзам долбоорун колдой тургандыгын белгилеп, аны кабыл алуу окуу процессине оң таасирин тийгизерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан