"Көбү кыргыз тилинде эмес". Депутат Абакиров китеп көйгөйүн көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында мектеп окуучуларынын китеп көйгөйүн көтөрдү.

"Биз аймактарды кыдырганда ата-энелерден эң биринчи түшкөн суроо – балдарга китеп жетишсиз. Анан баары келет дагы, өтмөккө (подземка) барып китеп алат. Көбү кыргыз тилинде эмес. Тилекке каршы, кыргыз тилиндеги китептер сапатсыз. Алардын дагы даттанганы – жылда бир автор өзүнүн китебин сунуштай берет, китеп алмаша берет. Мисалы, агасы колдонгон китепти иниси колдоно албайт. Өзгөртүп жибересиңер дейт. Менимче, бул нерсеге чек коюш керек", - деди депутат.

Депутат билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылып, "Сингапурдун китептери Кыргызстанга адаптация болуп бүтүп калдыбы?" деп собол салды.

"Азыр которулуп бүтүп калды. Адаптацияланып, тиешелүү экспертизалардан өтүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр каралууда.

14.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан