Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештердин кордолуп жаткандыгы тууралуу маселени көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, дүйнөдө кыргыздар жатпаган түрмө калган жок. Тышкы иштер министрлигине, Социалдык коргоо министрлигине бул тууралуу бир нече суроолорду узатты.
"Европанын бардык өлкөсүндө кыргыздар түрмөдө жатат. Мына Бельгияда 2 кыргыз, Голландияда 4 кыргыз, Литвадагы жүздөгөн тракт айдагандардын иш таштоосу, Италияда, Грецияда, бүт бардык жакта мигранттар алданып барып кордолуп жатат. Грецияда жаткан кыргыздар боюнча "Түркияга карайбы?" десең, "Москвага карайт" дейт, Москвага чалып "биздин элчилик силерге карайбы?" десең, "Италияга карайт" дейт, Италияга кайрылсаң "бизди тааныбайт алар" дейт. Ошентип ондогон эмес, жүздөгөн жарандарыбыз, тилекке каршы, абактарда жатат. Мына ошол боюнча силер, Тышкы иштер министрлиги абдан катуу иш алып барышыңар керек",- деди ал.
Ошондой эле Миграция министрлигинен реакция көрбөгөнүн кошумчалады.
"Элибизди минтип тентиткенибиз аз келгенсип, мындай кордолуп жатса унчукпай, тымпыйып отурганыбыз болбойт. Эмгек, социалдык коргоо министри, тышкы иштер министри эмне кылып отурасыңар?! Жообун бериш керек. Эгемендүү өлкөбүз биз! Мындай мамиле болбойт! Бүгүндөн кеч калсаңар, министрлердин бардыгын кызмат ордунан алыш керек. Жөн эле папка көтөрүп алып жүргөн министрлердин эмне кереги бар?!" - деп баса белгиледи.