УКМК Баткенде пара алууга шектелген эксперттерди кармады

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан (мындан ары МСЭК) майыптык тобун аныктоодогу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧ) майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.

"Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык МСЭКтин төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынды.

Мындан улам, жогоруда аталган жарандар кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмышка шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан