"Унааларды агызып, жолдор бузулуп". Көк-Серекте жаандан кийин катуу сел жүрдү (видео)

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында сел жүрүп, унааларды агызып кеткен.

Жаратылыш кырсыгы учурунда тартылган видео социалдык баракчаларда тарап, анда 2-3 унаанын сел суусу менен агып бара жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле асфальт жолдор жарылып, көпүрөлөр жараксыз абалга келген.

Ал эми тийиштүү кызматтар бул боюнча азырынча расмий маалымат берише элек.

14.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан