ӨКМ Ала-Букадагы сел боюнча билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында катталган сел боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 15:30 чамасында Ала-Бука районунда мөндүр аралаш жамгыр жааган.
Андан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган жана ВАЗ 2017 үлгүсүндөгү автоунааны сел агызып келип, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.
Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан