Бүгүн, 14-апрелде "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда мектеп окуучуларынын республикалык жана улуттук олимпиадасынын жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 11-12-апрелде Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде өттү. Ага өлкө боюнча олимпиаданын III (облустук) этапта жеңишке жеткен 348 окуучу 12 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 54 окуучу байгелүү орундарга ээ болду.
Олимпиада зээндүү окуучуларды колдоо, мыкты мугалимдерди аныктоо максатында министрлик тарабынан жыл сайын өткөрүлөт.
Ал эми мектеп окуучулары арасында так илимдер боюнча улуттук олимпиада 4 этап менен өтүп, натыйжада 76 окуучу алдыңкы орундарга ээ болду.
Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты:
Сыйлоо аземинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жеңүүчүлөрдү куттуктап, билимдүү жаштарсыз Кыргызстандын келечеги жок экенин баса белгилеп, билим жарышындагы алдыңкыларга ийгиликтерди каалады.
"Бул жерде бир жарым миллион баланын арасынан 348 бала тандалып келип, ийгиликтин сересинде отурасыздар. Бул чек болбосун. Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда бир гана айырма бар, ал – эрк. Сиздердин алдыңыздарда океандай мүмкүнчүлүк бар. Билимиңер менен биз кыялданган кыялдарга силерди жетет деп ишенебиз", – деди министр.