Мьянмадан Кыргызстандын 7 жараны мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кабарга ылайык, алар 11-апрелде Таиланд Королдугу аркылуу Кыргызстанга транзиттик негизде эвакуацияланган.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар эмгек миграциясына байланыштуу алдамчылык схемалардын курмандыгы болушуп, жогорку маяна төлөнүүчү жумушка орноштуруу жалган убадаларга ишенип, Мьянма аймагындагы аскердик лагерлерде мыйзамсыз кармалып турушкан.
"ТИМ Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө кыргыз жарандарынын адам соодасы схемаларына тартылып жаткан учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча сак жана этият болууга чакырат", - дешти министрликтен.
Кандайдыр бир шектүү жагдайлар же суроолор жаралганда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине тиешелүү кеңеш жана жардам алуу үчүн ыкчам түрдө кайрылуу сунушталат.
Белгилей кетсек, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев Мьянмада Кыргызстандын 7 жараны кулчулукта калды делген маалымат айтылып жатканын билдирип, Эмгек министрлигине кайрылган.
Буга удаа Өзбекстандын "Дунё" агенттиги Борбор Азиянын 13 жараны Мьянмадагы эмгек кулчулугунан бошотулганын, анын ичинде кыргыз жарандары бар экенин жазып чыккан.