Иран өзөктүк курал боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрөт

Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Омандын Маскат шаарында өтөт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багайи чет элдик басылмалардын бирине билдирген.

Айта кетсек, Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи этабы 12-апрелде Оманда болуп, ирандык делегацияны Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи, ал эми америкалык тарапты АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жетектеген. Эки жарым сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда тараптар Ирандын өзөктүк программасы жана Иранга каршы санкцияларды алып салуу маселеси боюнча позицияларды алмашышкан.

Стив Уиткофф АКШ Ирандын өзөктүк программасын токтотууга жетишүүнү көздөп жатканын билдирип, Вашингтон Тегеран менен жарашууга даяр экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан