14-апрелден баштап Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 1-майдан тарта бүткүл өлкө боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Түндүк" системасы аркылуу жеткиликтүү болгон маалымкаттар менен документтерди кагаз түрүндө берүүнү токтотот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жарандар маалыматты "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Эгер керектүү документ системада жеткиликтүү болсо, аны кагаз жүзүндө талап кылуу мыйзамсыз болуп калат.
Бирок кагаз түрүндөгү маалымкаттар төмөнкү жарандар үчүн сакталат:
"2025-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулар жарандардан жана уюмдардан кагаз документтерди талап кыла албайт. Бул эреже маалыматтар "Түндүк" системасында жеткиликтүү болгон учурда гана колдонулат. Жарандарга мобилдик тиркемени жүктөп, электрондук кол тамга алуу сунушталат. Ошондой эле жергиликтүү аймактарда жаңы кызматтарды өздөштүрүүгө көмөктөшүүчү кеңеш жана практикалык жардам берилет", - деп айтылат маалыматта.