Өлкөдө 16-19-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы жана локалдык нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.
Мындай аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ жарандарды сел каналдарын, арыктарды тазалап коюуга чакырды.
"Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр" деп айтылат расмий билдирүүдө.