Нарындагы колхоздун кароосуз калган жери айыл өкмөткө берилди

Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы колхоздор аралык курулуш бирикмесине, азыркы "Көкө-Мерен" акционердик коомуна таандык жалпы аянты 1,79 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, союз маалында курулуш бирикмеси колхоздордогу өндүрүштүк жана маданий-тиричилик объектилерин курууну ишке ашырган. 2003-жылы банкроттук шылтоосу менен бирикме "Көкө-Мерен" акционердик коому болуп кайра түзүлгөнү аныкталган. Анда төрага болуп, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Ч.Б. шайланган.

"Финансылык кыйынчылыктардан улам ишкананын иши көп жылдар бою толук аткарылбай, андан ары токтоп калууга алып келген. Натыйжада аталган уюмдун кароосуз калган имараттары жана курулмалары жергиликтүү тургундар тарабынан бузулуп, АКтын аймагынын бир бөлүгү көмүр сактоочу жайга айландырылып, экинчи бөлүгү таштандыга толуп калган. Учурда Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан