Иракта кумдуу бороондун айынан 1800дөн ашуун адам жабыркады. Алардын арасында балдар дагы бар. Бул туурасында "Коммерсантъ" басылмасы жазды.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 700дөн ашуун адам дем жетпей ооруканага кайрылган. Ошондой эле Ан-Наджаф жана Басра шаарларындагы аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады.
Бороон учурунда көрүү аралыгы бир чакырымдан аз болуп калган. Ирактын Транспорт министрлигине караштуу Метеорология жана сейсмология боюнча башкы башкармалык билдиргендей, бороон Ирактын түштүк жана борбордук аймактарындагы шаарларга катуу таасир тийгизди. Мекеменин маалыматына ылайык, кум бороону Сауд Арабиясынын чыгышынан жана Ирактын түндүк-батышынан келип түшкөн.
Ал эми Asharq Al-Awsat басылмасы Иракта мындай кум боорону мындан да көбөйүшү мүмкүн экенин белгилейт. Басылма ошондой эле БУУ Иракты климаттык өзгөрүүлөрдөн эң көп жабыркаган беш өлкөнүн катарына киргизгенин эске салат.