Бишкектеги айрым көчөлөрдө таза суу берилбейт (тизме)

Бишкектеги айрым көчөлөрдө 17-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдирди.

Ага ылайык, ичүүчү суу "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Саат 09:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректерде суу өчөт:

  • Абакан көчөсү-Дэн Сяопин проспектиси;
  • Кустанай көчөсү-темир жол линиясы;
  • Кустанай көчөсү-Волков көчөсү-Садыгалиев көчөсү;
  • Дэн Сяопин проспектиси.

"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан