"Экологиялык долбоор башталды". Пайдаланылган батареяларды кайда алып барса болот?

Бүгүн, 15-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги пайдаланылган батареяларды чогултуу боюнча масштабдуу экологиялык долбоор баштады. Бул туурасында мекемеден маалымдашты.
Маалымдалгандай, анын максаты бир айдын ичинде 3 тонна батарея чогултуп, таштандыларды жоопкерчиликтүү башкаруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.
Батареяларды кайда өткөрсө болот?
Кыргызстан боюнча 800дөн ашык “Сенин зарядың” станциялары иштейт, алардын 600дөн ашыгы батареяларды чогултуу үчүн атайын контейнерлер менен жабдылган. “Сенин зарядың” (Твой заряд) мобилдик тиркемеси аркылуу жакынкы станцияны оңой тапса боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган
"Батареяларды тапшырган ар бир катышуучу автоматтык түрдө утуштун катышуучусу болуп калат! Ал эми компаниялар престиждүү “Экосыйлык” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнүн тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан