Эсептөө палатасынын инспектору пара талап кылгандыгы үчүн 2 айга камакка алынды

Акча талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, инспектор Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жалпы орто билим берүү мектептерине республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарын чыгымдоо боюнча аудитордук текшерүү жүргүзүп, кемчиликтерди жашыруу максатында 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 11-апрелде Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору А.Э. акча каражатын алып жаткан жерден кармалды.

Ал эми 12-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен А.Э.га карата 10-июнга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан