Орусиянын Екатеринбург шаарында 80 жаштагы аял 6-кабаттан кулап кетип, аман калды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары жазышты.
Маалыматка ылайык, пенсионер аял көп кабаттуу үйдүн 6-кабатында терезе жууп жатып буту тайып кетип, кулап кеткен. Ал жерде турган Hyundai үлгүсүндөгү унаанын үстүнө кулап түшкөн.
Ал дароо ордунан турууга аракет кылып, ал тургай окуяга күбө болгондор менен дагы сүйлөшкөн. Учурда аял ооруканада.